- -
- 100%
- +
Кайрат болсо элди тунжурабоого чакырчу болду:
– Кубангыла! – деп кыйкырып коюп, гезитин сунчу болду. – Көңүлүң калса да капа болбо! Кубангыла!
Бир курдай Кайрат ураан айтканды коюп акыл насаат айткан узун кепке өттү:
– Эгер эл кайгырууну гана билсе, эртең менен кабагын бүркөсө, кечинде кабагын бүркөсө, качан алар жетинчи кабат асманда боло алышат? Андай жандын көңүлүн көтөрүү биздин милдет! Кана эмесе, адамдардын көңүлүн көтөрөлү! Кана, келгиле! –деп кыйкырды Кайрат, бул жолу жердештерине кайрылып. – Алар зеригип атышат, мен зеригип атам! Биз зеригүү менен өлүп кетелиби? Келгиле, биз баарыңардын көңүлүңөрдү көтөрөлү!
Анан Бек мурда эч качан болуп көрбөгөн бир өнөр баштады. Мигарнттар ырдашкан жок, кыңылдашты, анткени алардын ырларынын сөзү жок. Комузу жок, колунда таякча гана бар. Алар өтүп бара жаткан жүргүнчүлөрдү эриндери жана тиштери менен обон салып көңүл ачышты. Алар эсине келген обондорду туурашты! Сөзсүз жандуу жана тайманбас ырлар алардын жүрөгүн багындырып, кичинекей аянтта жылуу маанай жаратты. Айрымдары алардын ышкыбоздук өнөрүнө кошулууга батынышты, башкалары аларды көздөй тыйын ыргытышты. Бекеттин кире беришинин жанында жойлоп жүргөн дөбөт адам оозунан жаңырган обонго жарыша үрүп баштады. Өзүнчө эле үчилтик түзүлдү, эл мындай жандуу концертке таң калып, тамашага батып каткырып кол чабышты.
Күн төбөгө келгенде Бектин жердештери баары ырдабай басыла калышты. Көрсө аларга кимдир бирөө полиция келатат деп кабарлаптыр. Тегеректеп, оюнчуларды үч ирээт курчап турган угуучу, көрүүчү саны азайып, бирин серин боло түшүптүр. Сармат айылдаштарына буйрук бере кайрылды:
– Токтот ыр-күүнү! Полиция келатат!
– Мунун эмнеси жаман? – деп Кайрат ачууланды. – Полициянын өз иши бар, сенин өз ишиң бар, – деп Сармат аны кебине кошулду.
– Дагы бир нече пачка гезиттер келди, – деп билдирди Шарипа. – Алар шашылыш номер,тез таркаткыла деп кат жибериптир.
– Жарайт! – деп Сармат аны кубаттады. – Шаардыктыр жакында жумуштан чыгышат. Султан, бул жакка кел. Бул жерге тур. Болду! Колуңду сун, жүзүңдүн мимикасына көңүл бур, жылмай! Элди коркутпа!
Көп өтпөй метродон полиция отряды пайда болду.
– Бул жерде ким ызы-чуу салып жатат? Документтериңерди даярдагыла! – деп кайрылды үчөөнүн улугу баймабай.
Паспортторун барактап бүткөндөн кийин, алар ачык эле кыжырдануу менен документтерин кайтарып берип атышты. Бектин жердештеринин колдору калтаарып өз паспортторун полиция сунган колунан жулкуп алып атышты.
– И?! Ким?! – деп мурунку берген суроосуна жооп күттү полиция.
– Биз элге кубаныч тартуулап жатабыз, – деп тамашалды Султан. – Биз тынчтыкты бузган жокпуз. Биз өзүбүздүн ошол эле учурда жергиликтүү тургундардын көңүлүн ачтырып атабыз!
– Сен муну залда жасайсың, макулбу? – деп кеңеш берди узун бойлуу полицай. – Бул жер көчө. Коомдук жай.
Он метр алыстыкта турган Кайрат метродон чыгып, өтүп бараткандарга кайрылып, гезит берип атып, күңкүлдөдү:
– Кулчулук менталитетине каршы күрөшкүлө! Алар бул гезитте жазып жатышат!
Демейде бир дагы жердеши мындай сөздөрдү айткан эмес, бирок Кайрат муну айтууну азыр маанилүү деп эсептеди.
– Ал дагы бир нааразычылык акциясын уюштуруп атат, – деп Алма үнүн аста чыгарып шыбырады. – Кайрат тезирээк жергиликтүү тургун болгусу келет.
– Жөн кой, уялтпа? – деп жооп берди Султан. – Ал өзүнө тарых жаратып жатат.
– Мен макул! – деп кыйкырды Кайрат, жердештери ал туралуу сүйлөшүп атышканын түшүнүп. – Биз бекеринен ушунча жолду коротуп келген жокпуз. Ар ким өз тагдырынын кожоюну!
– Силер экөөң тең акылдуусуңар, мен дөдөй! – деп Алма демейки кебин кайталап, уруша кетти. – Мен өзүм менен сыймыктанам, мунум өйдө. Мен эч кимди укпайм; мен өзүм түшкөн жол менен бара берем.
– Туура, ошентип жашай бер. Өз ордуңду танда, ошол жерде калып жаша, – деп тамашалады күйөсү.
Кайрат капталдан чыкты:
– Эмнеге тобокелге саласың? Унчукпай жаша ошондо эч кимдин сени менен иши болбойт. Кудай сактасын, алар сени ошондо өткөндө Шарипаны кармап алгандай кармап алышса анда бир жөн. Сени ошондо бу жердик тургундар колунан бошотуу – Москваны француздардан бошотуудан да кыйын болот! Эгер алар сенин мүнөзүңдү толук түшүнсө, Алма, сени көпчүлүк алдында отко өрттөшөт болчу, – деп каткырып калды.
– Убакытты ким баалайт? Ким ар дайым андан кабардар болгусу келет? – деп Бек акырын айтып, суроо салды.
Макал кайталоолор жанданды:
– Мен кедеймин, сен байсың! – деп Аскар өтүп бара жаткандарга гезит сунуп атып кайталады.
– Жеке менчик жана башкалар тагдыры. Ыя? Же бу жомокпу?
– Ооба, – деп жооп берди Бектин ордуна Сармат. – Бул чындык!
– Бирок, – деп Бек сөздү кайра өзүнө алды.
– Бул жеке менчик кайра жаралып жатат дейли, анда ал туура жолдо баратабы?
– Туура өнүктүрүлүп атабы? – деп кимдир бирөө ары жактан кошулду.
– Шаманга көрүнсүн! Цыганга көрүнсүн! – деп Алма ээ-жаа бербей айкырып атты.
Шарипа жерге жалпыга салынган төшөктүн аркы четинде жатты. Бети дубалга карап, көздөрү жумулуп турса да, ойгоо жатты. Апасы да, улуу агасы да бир топ убакыттан бери каттарына жооп берген жок. Апасы катуу ооруп жаткан. Эгер ал тирүү болгондо, агасынан кат жазууну суранмак. Эгер ал каза болсо, агасы ага кандайдыр бир жол менен кабарламак. Ал кошуна жигитти эстеди – экинчи класстан бери аны менен дос болчу. Ал аны менен азыр да бир аз убактысын өткөргүсү келди. Ал анын жаш эмес экенин билчү, бирок ал Шарипа үчүн ошол эле бойдон болчу. Бул шаарда анын сөзсүз бир кишиси болот. Ал аны күн сайын күтүп, өзүн эркин сездирет.
– Адамдар! – деп, Алма бөлмөгө көз чаптырып атып, шыбырады. – Жарыкты ким өчүрөт?
Шарипа дароо караңгылыкты сезди.
Адамдардын жашоого болгон суусосу гана бар болчу – андан башка алардын эч нерсеси жок эле. Алар энергиясын кайда жумшоону же акчаны кантип табууну билишчү эмес. Алардын эркин колдору жана түгөнгүс күчү бар эле. Алар эми эки түрдүү кийим кийишчү болгон: бири ишке кийүүчү жумуш кийимдери жана сыртка чыгуу үчүн таза кийимдер. Булар жакында эле бир өлкөнүн бир бөлүгү катары жашаган үйлөрүн таштап кеткен адамдар болчу. Эми алардын баары кедей. Алар каалаган жумушту жасоого даяр эле. Алар үчүн советтик кезке чейинки жашоо тирилгендей сезилди. Алар чөнтөктөрүндө телефондорду алып жүрүштү, ошондо алар айылдаштарына кайда экенин полиция тарабынан кармалса эмне болорун эскертип турушчу.
Ашканада баары кезектешип эртең мененки тамак жасап жатышты, ал эми ичип болгондор туруп, шаарга чыгууга даяр болушчу. Бектин далисине жык толгон айылдаштары үнсүз кийинип жатышты.
Сонянын кайда экени белгисиз болчу. Идол жалгыз калган. Ууру балкондон кирип уурдап алат эле. Ал антиквариатка тапшырып, дароо байкамак. Идол абдан баалуу болчу. Алма аны жаздыгынын астына катып куктачу.
Күн али чыга элек болчу. Шаар уктап жаткан, төмөнкү кабаттагы терезелердин пардалары тартылуу бойдон. Алар метро тарапка шашылыш басып барышты. Алма метрого кире бериште туруп, чет тилдеги гезиттерди сол жеңине арта салып ар мүнөт сайын:
– Англис гезиттери... немис гезиттери... – деп кыйкырып, ким кол сунат деп күтүп калды.
СУЮК ВАЛЮТА КЫНЫГЫН АЛГАН КАЙРАТ
Ал күндөрү "суюк валюта" деп атаган ченелген көлөмдө арак сатуу пайда болду. Ал үчүн мурда ваучер алып аны аракка алмаштыруу керек эле. Сатып алуучулар көп болгондуктан биринчи күндөн кезмент менен сатып алуу адаты пайда болду.
Кайрат өз кезметин сата баштады. Ал мурунку түнү колуна көк дептер, ручка алып арак сатчу дүкөндүн капталында эртең менен “суюк валюта” алуу үчүн турган, котологон көп кишилер арасында тизмеге өзү гана эмес бардык жердештерин кошо жаздырып алчу болду. Эртең менен дүкөн ачылгандан тарта ар бир кезмет 10 сомдон, кийин ошол эле кезмет 25 сомдон сатып жүрдү. Кайрат тизмени улам жаңырта коюп, кезмет сатып алчуларга сатып пайда тапчу болду.
Кайрат кечинде жердештерине:
– Калк үчүн арзан сатылчу товарлар кайда экенин билип же уксаңар мага кабарлагыла! – деп күн сайын эскертип турду.
Аскар болсо өз айлыгына колдонулган компьютер сатып алып, атайын линияга туташтырып, айылы менен байланышууга жетишти. Бирок, улам компьютер иштебей калып жатты. Аскар монитордун жанында көпкө отуруп, эч нерсе иштебей калганда, системадан чыгып кетчү болду. Ал эс тутумун жаңыртып, күчтүүрөөк системалык блок издеп калды. Ал дүйнөлүк коомчулук менен тез байланыша албай капа болуп жүрдү. Кийин, кеңсе жабдуулары боюнча бир айлык акы төлөнүчү курска өтүп, байланыштын кошуу жана чыгаруу жолдорун үйрөнгөндөн кийин интернетин өзү иштете алды.
Бул түнү таңга маал экран жарк дей түшү, монитого толо сүрөт пайда болду.
– Поехалти! – деп кыйкырды Аскар, Гагаринди үнүн туурап, бирок компьютер ошол, бир сүрөт менен катып калды.
Аскардын кыйкырыгын уккан жердештери төшөктөрүнөн секирип туруп аны курчап алышты, эч ким кайра жаткысы келген жок. Алар Аскардын клавиатураны улам басып, түшүнбөгөн амалдарды аткарып жатканын үнсүз карап турушту.
– Эй! Сен тебейлеп кетекени турасың!
Идолдун жемесин Сармат укту.
– Бул жер ага тар! – деп Алма өйдө карап күйөсүнө тигилди.
– Ал кайда?! – деди эри.
Баары куурчак жөнүндө сүйлөшүп жатканын түшүнүштү.
– Биздин таман аны бир заматта бычыратып салат! – деп кыжырланды эри. – Ал кайда?
– Мен бул жердемин, – деп угулду Сарматтын кулагына рюкзактын түбүнөн. – Мен эч жакка кеткен жокмун. Силер байланыш издеп, алаксып атасыңар. Көңүл ача бергиле, мен эч кимге тоскоолдук кылбайм!
–Эл ызы-чуу болуп атканда тепселип кетпесин? – деп Сармат рюкзакка колун сунуп куурчакты төбөсүнөн ылдый басып омоктуу кылып койду.
Буркан дагы эле ошол жерде болчу. Ал кайтып келгени менен эч кимге жолто болмок эмес.
– Эмне ага тийип атасың? – деп Алма күйөсүн акырая карап алды. – Сен эмне анын кароолчусу белең?
Бектин квартирасынын терезелерин дайыма тосуп турган клен дарактын саргайган жалбырактары түшүп жатты. Асман жаздагыга караганда ачык көрүндү. Түнкүсүн ай асманда жалгыз жүрдү.
Бектин жердештери башкача жашоого өтө башташты. Ал кымбатыраак бирок коопсузураак абалды сезишти. Алардын өзүн-өзү өркүндөтүүгө убактысы жок болчу. Бардык күч-аракети жергиликтүү тургундарга эриш-аркак иш аткарып, ылайыкташууга жумшап атышты. Алар шаардыктардын мигранттар жүзүнө, кийимдерине көз чаптырып жатканын байкашты. Бир күнү Бек коноктору колдорун беттерин жыпар жыттуу самын менен жууп атышканын көрдү. Эркектер ар бир аптада сакал алып, артынан жыттуу атыр бүркүшчү болушту.
Алма боёнуп сыйпанудан баш тартканы менен, макияжга окшош бир нерсе колдонуп баштады. Алар күн сайын ич ийимдерин жууп турушчу болду
– Аскар интернет байланышын орнотуп, аларга Мистер Биндин тамашалуу окуяларын көрсөтчү болду. Сюжет Лондондон жүктөлгөнү менен Бектин жердештери, куудулдун оюнун көрүп, чын жүрөктөн каткырып, айрымдары беттери көгөрүп кеткенче күлүп жыргашчу болду. Андан кийин Аскар аларды оңой менен монитордон алыстата албай жүрдү. Жакшы мүнөздүү лондондуктун тамашалары абдан кызыктуу болгондуктан, Бектин жердештери анын кылыктарына куштар эле.
– Карагыла, карагыла! Апендинин өзү! – дешип кыйкырышчу болду.
Ошол кечтен баштап Бектин жердештери ар бир мүмкүнчүлүк болгондо Бин мырзанын өнөрүн көрүүнү талап кылышты. Интернет алардын маанайын көтөрүп жаткандай сезилчү болду. Баштагыдай телевизорду күйгүзүшкөн жок. Гезит да окушкан жок. Мурдагы алган билимдин калдыгы эстеринен чыгып, окуу, жазуу жөндөмдөрү унутулуп баратты.
Бирок алардын дагы бир каалоосу бар болчу: эпостун саптарын угуу! Бир күнү кечки тамактан кийин Кайратты тегеректеп отуруп алып, “Манас» айт деп кыйнай башташты. Кол шилтеп болбоду эле, тигилер дагы эле кыйнап калганда улуу чыгарманын саптары мээсинен ойгоно баштап, көкүрөгүндө жаткан саптары акылын ойготуп, карапайым Кайраткка канат болуп талпынтып, жүрөгүн ырга балкытып айтылуу саптарын эсине алып келип жойлотуп, оозуна сала берип ойнотуп койгонсуду. Бир аз убакыттан кийин ал өзүнүн эмне кылаарын билип калды! Бар жыргалын акылы билип балалыгы менен өспүрүм кезиндеги уккан саптарды мээсине кайдан жайдан таап келип оозуна сала берип, шакылдатып Манас айттырып салды! Жомокчунун манжалары бир туруп сыйкырдуу зымырык куштун канаттарына айланып, асманга көтөрүлүп, бир туруп чексиз кожоюн сөөмөйүнө айланып аларды сайып көргөзүп көрсөтүп турду. Эпикалык күүгө келип дайрадай агылып, ар адамдын жан дүйнөсүн козгоп, кайра күн нуру болуп ысык табы денеден сезилип, ийип атты! Эркектер кайгырып, муң басып бири биринин ийиндерин тийиштире таянышып тунжурашты, аялдар кайгыга батып жоолуктарынын учтары менен көздөрүн калкалап ысык жашын төгүп атышты.
Кайраттын айтымында, жаңы байлар жамгырдан кийинки козу карындай жабырап пайда боло баштаган. Сармат андай көрүнүшкө:
– Кудай жалгап, жалкоолор тизими азаят экен! – деп жооп берди.
– Идолго эркиндик! Алар ырым-жырымдарга көбүрөөк ишенишет, эски салттарды баалашат, – деп Алма күйөөсүн колдоду.
–Алар кандай гана даңктуу. Алар акчаны баалашкан. Алар башкалардан бөлүнүп кетишкен. Ошондуктан алар башкача ойлошкон. Эми алардын балдары, балдарынын балдары баары бай.
– Алар бизден алыс; биз аларга жакындай албайбыз, – деди Бек.
– Алар жакын жерде, – деп жооп берди Сармат. – Мына, Алма айтып берсин... биз жакында кокусунан жолугуп калдык...
– Бардык бай адамдар дүйнөнүн жарандары; алардын бардык жерде жашай турган жери бар жана аларды барган жеринде кучак жайып тосуп алышат. Аларга урмат көрсөткүлөт, алар сый урматка дайыма татыктуу. Алар менен жашоо киши гүлдөп-өнүгөт!
– Бир жолу жаңы бай көчөдө басып баратса анын айланасында беш алты күзөтчү коргоп кошо журөт!
Сарматка ал жаңдап бизди көрсөтүп:
– Гезиттер жаңыбы? – деди.
Алма:
– Мен чочуп кеттим, бирок Сармат айтты:
–Биз аларды сатпайбыз; алар реклама үчүн.
–Макул, бере бериңиз, – деди бай.
Бай киши менин алдымда токтоп, чөнтөк телефонун алып, кимдир бирөө менен сүйлөшө баштады.
Ангыча Сармат:
– Кош келиңиз! –деп учурашты да мага башын ийкеп:
– Тезирээк! Байга кызмат кыл!– деп айгактады.
– Экөбүз аны курчап алдык; Аскар бир тилде гезит сунду, мен болсо башка тилде гезит сундум. Бай киши сөздү телефондо улантып, бош колу менен бир нече гезит алып, дароо жашыл купюраны жайып, каалаган акчаны алып коюуну ишарат кылды. Мен карадым – көзүмө ишенген жокмун, жүз доллар! Дароо ала койдум!
– Өзүңө бир нерсе сатып ал, – деп кошумчалады бай.
Алма рюкзагынан куурчакты алды. Ал гезитке оролгон бойдон экен. Ал англис тилинде болсо да, гезитке окшош эмес экен. Бек аны алды; башкалардан айырмаланып, ал чет элдик гезиттерди окучу. Ал аны көпкө тиктеп турду, бирок макала аны кубандырды. Анан ал:
– Ооба, ошондой! Алар бизден алыс жашашат, бирок баарын көрүшөт, – деп которду.
– Батыш журналисттеринин кулагы узун, – деп сөздү бөлдү Шарипа.
– Бул алардын тарбиясынын натыйжасы! Алар көргөнүн айтышат, башка эч нерсе айтышпайт.
– Гезит жүз долларлык чайпул калтырган бай адам жөнүндө жазат, – деп баштады Бек аңгемени которуп окуп.– Анда баланча адам түкүнчө жерде баланча максатта жашап жатат деп айтылат. Көрсө, шаардын сыртында ферма куруу үчүн миң жумушчу керек экен. Аларды шаардан гана таба алышмак. Эмне үчүн ал мунун баарын өзү жасайт, менеджерлери кайда кетишти – ал жазбайт. Тескерисинче, алар анын баарына канчалык жеткиликтүү экенин баса белгилешет. Ал жумушчу табынан чыккан. Бала кезинде наабайканада иштеген. Жумуштан, ал тургай окуудан тажаганда түндүккө качып кеткен. Ал мунай компаниясынан жумуш тапкан. Ал чийки мунайды батыш фирмаларына сатып, гүлдөп-өнүккөн. Бирок мунун баарын кантип башкарганы жазылган эмес. Бирок, алар анын ата-энесин – эски коммунисттерди – таштап, алар менен эч кандай байланышы жок экенин белгилешет.
– Укчу бери, жакында биз менен байланышка чыккан бай ошол болчу, – деп Алма таң калды.– Карачы! Жакында сенин кезегиң келет. Капитализм үчүн бай адамдар көп болгондо жакшы.
– Оо, бул кандай гана кайыр берчү кол!
Сармат гезит үчүн акча берген бай тууралуу ангемесин улады:
– Анан ал гезиттерди алып, доллар бергени үчүн мен аны
кучактап, баладай өптүм. Бай киши көзүн ирмеген да жок. Ал төш чөнтөгүнөн алтын тамгалар менен жазылган визиткасын алып чыгып, мага сунду.
Алма анда мындайча кошумчалады:
– Сен эми биздин каныбыздан жаралган адамсың! – деп кошумчалады Сармат – Эгер сени түрмөгө камашса, биз сени коргош үчүн көчөгө чыгабыз! Андыктан, эгер мүмкүн болсо, бизди да эске ала жүр!
Алма ага кыялын орундаткандыгын жана ал кандай экенин айта баштады. Бай киши анын көзүнө карап:
– Өлкө дагы эле кишенде! Эл кайдан жардам күтөт? Жаман жагы – режимден.
– Бул тууралуу ойлонбо, досум, – деди анда Сармат.– Убакыт баарын ордуна коёт, демек, айыктырат...
– Андай болбойт. Мунун баары советтик ээнбаштыктан чыккан жорук!
– Биз кеткибиз келет, бирок ал бизди суроолору менен коё бербей кармап турат.
Анан мен:
– Биз бул жашоого ыраазыбыз, – дедим.
– Менин дагы эмне жардамым керек? – деп сурады ал.
Анан Сармат колун шилтеп, кошумчалады:
– Кош бол!
– Чын элеби? – деп андан кийин ал суроосун тактады.
Атактуу ырчынын концертинде дагы бир жолугушуу болду. Коопсуздук кызматкерлери аларды Идол менен өткөрүшкөн жок. Сармат жагдайлар такталмайынча рюкзагын ийнине көтөрүп турду.
Таблонун ордуна чоң экран орнотулуп, астында убактылуу сахна тургузулган. Жанынан өтүп бара жатып, Алма имараттын тешигинен атактуу ырчыны көрдү. Ал тикесинен туруп алып, жерге жайылган гезитти окуп аткан. Алма анын курч көзүнө таң калды. Ал ага карай чуркады, бирок анын сакчыларынын бири колунда тапанчасы менен жаңсап анын жолун тосуп койду.
Ырчы сахнага чыкты. Көрүүчүлөр аны ордунан туруп кол чаап тосуп алышты, анан Алма көрүүчүлөрдүн ичине кирди, ал эми жансакчы колундагы револьвер менен анын артынан жөнөдү. Көрсө, гезитте ырчы жөнүндө ушунчалык көп мактоо жазылган экен, ал аны окугандан кийин бакытка батып эсириптир. Ал бул тууралуу өзү айтты.
– Браво! – деп кыйкырды Алма арткы катардан.
– Достор, эсиме келейин! – деп атактуу ырчы тымтырс отурган көрүүчүлөргө кайрылды.– Макала мени делбе кылып салды!
– Браво! – деп кайра да кыйкырды кимдир бирөө арткы катардан.
– Концерт али баштала элек, – деп эскертти кимдир бирөө, – Адатта концерттен кийин так кыйкырат.
Анын кызматтык тапанчасы кынына салынып калган, бирок ал дагы эле камакка алуу керекпи же жокпу деп ойлонуп жаткандай, андыктан:
– Мага бир нерсе айткыңыз келеби? – деди Алма.
– Кет! Же болбосо, билетиңди көрсөтүп, ордуңа отур.
– Мен күйөмдү күтуп атам, – деди Алма анан чөнтөгүнөн билетин алып чыгып ага сунду.
Ал басып келип билетти жарым-жартылай айрылып, аны кайтарып берди.
Алма эл көп стадиондо, музыканын сыйкырдуу таасири астында Сарматты күтүп турду. Ырчы бети кызарып, буттарын кенен жайып туруп ырды аткарып атты. Бул анын өзүнүн жеке номери болчу – өзү аранжировкалаган элдик ыр. Стадион жанданып жаткандай сезилди. Көрүүчүлөр аны менен кошо ырдашты, айрымдары ал тургай бийлөөгө аракет кылышты, айрымдары тынымсыз кол чаап жатышты.
Сарматтын чөнтөгүндө билети бар болчу, бирок ал отургучуна келе элек. Ал рюкзагын ийнине көтөрүп, кимдир бирөө аны залга кирүүгө уруксат беришин күтүп турду. Акыры, коопсуздук кызматкерлери аны текшерүүнү чечишти. Алар рюкзакты металл детектор текшерчү таразасына коюшту. Ал өзү да кадрдан өтүүгө аргасыз болду. Акылдуу машина бурканды жарыктан кармады! Экранда Идолдун сүрөтү пайда болгондо, күзөтчүнүн көзү чоңоюп кетти. Ал отургучунан секирип туруп, бул тууралуу, кыязы, жетекчилерине кабарлады. Жанында турган чет элдик журналист кийлигишип:
– Алар рюкзактан бир нерсе көрдү, – деп жиберди.
– Куурчак, – деп жооп берди Сармат.
Ак колкап кийген офицер жакындап келди. Ал Сарматты рюкзагын ачууга мажбурлады, бирок андан кийин куурчакты өзү алып чыкты. Айланадагылардын баары офицерге карап калды, ал бурканды айлантып, аны ар тараптан карап, аты жок манжасы менен таптап тыкылдатып көрдү.
– Өзүң жасадыңбы? – деп сурады ал.
– Жок, – деп жооп берди Сармат.
– Жаман иш эмес. Кайдан келди?
– Теңир өзү бизге берди. Бул биздин тумарыбыз.
– Ким берди дейсиң?
– Теңир! Кантип түшүндүрсөм болот: Асман, Жер...
– Түшүндүм! Алып кет.
Эртеси эртең менен агенттиктер популярдуу ырчы жыл сайын сүйүктүү гезитине бир нече миллион доллар кайрымдуулук кылганын билдиришти. Ал эми Батыш басма сөзүндө буркан жөнүндө бир нече макалалар жазылды. Журналист бул окуяны катардагы мамлекеттик кызматкерлердин эски ыкмаларды туура эмес түшүнүшү катары көрсөттү. Келген айыл тургуну Идолду рюкзагына салып көтөрүп жүргөн. Шаарда баа жеткис табылга колго жасалган куурчак деп жаңылышып калышкан. Бирок, бир кезде дээрлик бардык адамзат ага сыйынган. Бирок бул байыркы дүйнө таанымы ата-бабаларыбыз сый-урматы менен кошо унутулуп калган. Бирок, бүгүнкү күндө цивилизациялуу коомдо аны кармануу кадимки көрүнүш. Адамдар анын кайдан келип чыкканын жана эмне кылышы керектигин билгиси келет. Азыр шаарлар мекемелерге жана чиркөөлөргө толгон, бирок ага орун жок. Азыркы адамдардын да анын алдында бир нече бактылуу көз ирмемдерди өткөрүүгө убактысы жок. Ал эми буркандын өзүн музейдин экспонаттарынан гана көрүүгө болот. Ошентип, Чеч-Төбө өрөөнүнөн келген кишиге таандык рюкзактан бурканды табуу чет элдиктер үчүн таң калыштуу окуя болду, бул сенсацияга барабар. Бул буркан – бардык элдердин унутулган кудайы! – деп жазылган макалада.
Идол рюкзакта жатып, чет элдик гезиттердин үймөгү анын капталдарын сүйөп турду. Андан принтердин сыясы жыттанып турду. Журналисттер чындыкты гана айтып, окурмандарды тартуу үчүн колдонушту.
Мигранттар жумуштары үчүн күнүмдүк айлык алышчу, бирок акча тамак-ашка жана майда чыгымдарга гана жетчү. Кээде Сармат турак жай кеңсесине барчу. Жаңы көчө тазалоочулар пайда болду. Бир күнү кечинде таякесинин төшөгүнүн үстүндө отуруп, Алма намиянын ачып, силккенде ичинен тыйындар төгүлүп артынан бир кагаз акча түштү, ал да бырышып болгон сом экен.
– Ушу да акчабы?!– деп кобурады Алма. – Биз убактыбызды бул ишке коротпойбуз! Үйдө отурган жакшы.
Башкаларга бул мүдө жакты. Алар сыртка чыкпоону чечишти. Бир жума өттү. Анан күтүлбөгөн жерден Skype аркылуу чет элден чалуу болду. Угуп бүткөндөн кийин, Аскар Бекке кулакчын менен микрофонду берди:
– Бул сенин жумушуң. Англисче сүйлөгөн киши. Анын гезити, – деп кошумчалады Аскар.
Бек тынч кулакчынды тагынып, микрофонду алды. Skype аркылуу берилип жатканда сүйлөөчүнүн сүрөтү бурмалангандай сезилди; экрандагы бейтааныш адамдын көз айнеги күтүүсүздөн чоң болуп, анан кадимки абалына кайтып келди. Ал дароо сурап кирди:
– Эмне үчүн күтүүсүздөн иш таштадыңар? – дейт деп которду Бек.
– Ал жакшы төлөсүн! – деп жооп айтты Алма. – Биз өткөрүп берип атабыз. Бизде эмгегибизден башка эч нерсебиз жок! Алар бизди күчүбүздү арзан пайдаланбай, абалыбызды түшүнсүн. Бизде болгон талап ушул.
– Ошентсе да, сиз иш таштоого чыктыңыздар?
– Бекер отургандын ордуна бекер иштедеген лакап бар биздин элде. Ошон үчүн мажбурбуз.
Гезит ээси бир азга унчукпай туруп, анан:
– Сен Азиядан экениңди көрүп турам. Мага келишим номериңди берчи.
– Биз ишеним менен иштейбиз. Гезит. Таркатуу. Акча. Биздин келишим ошол!
– Дистрибьюторго кайрылдыңбы?
– Ал билет.– деп Бек өз оюнан жооп берди. –Эгер айлык акы көбөйсө, биз кетпейбиз! Сиз Борбордук Азияда болдуңуз беле?
– Муну менен эмнени айткыңыз келип жатат?
–Биз ал жактанбыз. Биз бул жакка жумуш издеп келдик. Бирок бизде жумуш жок. Бирок, мындай акчага биз колубузду булгабайбыз. Жакшы төлөңүз – биз чыгабыз!




